23-сентябрь – Кыргыз тилинин күнү
23 сентября в школе проведено праздничное мероприятие, посвященное Дню государственного языка.
Бул күнү 1989-жылы «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө мыйзамы» кабыл алынган. Мына ошол мезгилден тарта Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик тил болуп эсептелет, ал эми 23-сентябрь мамлекеттик тил күнү катары белгиленип келет.
Майрамдык куттуктоосунда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров буларга токтолду:
«Кыргыз тили – улуттук иденттүүлүктүн негизи, улуттук наркыбыздын өзөгү, руханий азыктануубуздун булагы. Ал – ата-бабаларыбыз бизге калтырган асыл мурас, келечек муундарга өткөрүлүп бериле турган ыйык аманат. Бул аманатты аткарууга баарыбыз милдеттүүбүз! Мамлекетти, көз карандысыздыкты коргоо кандай милдет болсо, тилди сактоо, коргоо жана өнүктүрүү дал ошондой милдет болууга тийиш!»
Сиздерди Кыргыз тилинин күнү менен куттуктайбыз!
День государственного языка отмечается в стране ежегодно 23 сентября, в честь принятия в этот день в 1989 году Верховным советом Киргизской ССР Закона «О государственном языке Киргизской ССР». Принятие Закона «О государственном языке Киргизской ССР» внесло большой вклад в дальнейшее развитие кыргызского языка, способствовало поднятию национального самосознания кыргызского народа, повышению престижа государственного языка.
Комментарии