ШГ№48 школа-гимназия №48

Электронная запись в школу

Приказ МОиН КР

Приказ Департамента образования

 

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына балдарды электрондук каттоо»

автоматташтырылган маалыматтык система жөнүндө

ЖОБО

 

  1. Жалпы жоболор

 

  1. Бул “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына балдарды электрондук каттоо” автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө Жобо (мындан ары — Жобо) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына балдарды электрондук каттоо” автоматташтырылган маалыматтык системасынын негизги максаттарын, милдеттерин жана иштөө тартибин, ошондой эле балдардын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына (мындан ары — жалпы билим берүү уюмдары) биринчи класска кирүүсү үчүн анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.
  2. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө” Кодексине, Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик статистика жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн                               2014-жылдын 3-июнундагы № 303 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө”, 2011-жылдын 12-сентябрындагы № 541 “Жалпы билим берүү уюму жөнүндө Типтүү жобону бекитүү тууралуу”, 2015-жылдын                         22-июнундагы № 391 “Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана                           үй-бүлөлөрдү табуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”,                                     2017-жылдын 24-июлундагы  № 449 “Балдардын иши боюнча комиссия жөнүндө Типтүү жобону бекитүү тууралуу”, 2017-жылдын 19-июнундагы                         № 388 “Мектеп жана мектепке чейинки курактагы балдарды эсепке алуунун тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомдоруна жана                                 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө” жобосуна ылайык иштелип чыкты.
  3. Бул Жободо колдонулган негизги түшүнүктөр:

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына балдарды электрондук каттоо” автоматташтырылган маалыматтык система (мындан ары – Электрондук каттоо” АМС) — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына биринчи класска кабыл алууда мектеп жашындагы балдардын маалыматтарын каттоо, эсепке алуу жана иштеп чыгуу процесстерин автоматташтыруучу маалыматтык система.

“Электрондук каттоо” АМСтин ээси — Кыргыз Республикасынын жарандарынын билим алууга конституциялык укуктарын камсыздоочу билим берүү жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу, билим берүүнүн жеткиликтүүлүлүгүнө жана анын сапатына мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүчү билим берүү жана илим жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары-ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы).

Арыз берүүчү — баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлү (ата-энелер, асырап алгандар, кам көрүүчүлөр, камкорчулар, алар болбогон учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкери).

Аскер кызматчылары — Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында аскердик кызматта турган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле аскердик жыйындарда жүргөн аскерге милдеттүүлөр.

Кайрылман — чет өлкөнүн жараны же жарандыгы жок адам болуп саналган, Кыргыз Республикасына ыктыярдуу түрдө көчүп келүүчү жана кайрылман статусун алган этникалык кыргыз.

Микроучасток — билим берүү уюмуна жакын жайгашкан, өзүнө көчөлөрдүн атын жана үйлөрдүн номерлерин камтыган шаардын административдик-территориалдык бөлүнүүсүнүн алкагындагы аймак.

 “Электрондук каттоо” АМСтин маалыматтарын алуучулар — статистикалык маалыматтар менен иш алып баруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу кызматкерлери, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү (мындан ары-аймактык бөлүмдөрү), жалпы билим берүү уюмдардын жетекчилери.

“Электрондук каттоо” АМСтин колдонуучулары — автоматташтырылган маалыматтык системада функционалдык (колдонуучулук) ролдор аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу кызматкерлери, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери, баланын   ата-энеси — арыз ээси/мыйзамдуу өкүлү.

Жеке мүнөздөгү маалыматтар — бир субъект жөнүндө маалыматтар категорияларынын тизмеси.

Жеке маалыматтар субъекти (бала, ата-эне/мыйзамдуу өкүл) — тиешелүү жеке маалыматтар таандык болгон адам.

  1. “Электрондук каттоо” АМС (mektep.edu.gov.kg) мамлекеттик билим берүү кызматын ишке ашыруу үчүн акысыз программалык продукт болуп саналат. “Электрондук каттоо” АМСтин ээси — ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги болуп эсептелет.
  2. Мектеп жашына жеткен (6-7 жаш (ушул жылдын 15-сентябрына карата толук 6 жашка чыккан), жалпы билим берүү уюмдына жакын жайгашкан территорияда жашаган/жашабаган балдар “Электрондук каттоо” АМС аркылуу биринчи класска кабыл алынат, ал жалпы билим берүү уюмдарынын администрациясына мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө милдеттүү болуп саналат.

 

  1. “Электрондук каттоо” АМСтин негизги максаттары жана милдеттери

 

  1. “Электрондук катто” АМСти ишке киргизүүнүн негизги максаты болуп Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын биринчи классына кирүүдө балдарды каттоо, эсепке алуу жана маалыматты иштеп чыгуу, ошондой эле ар бир баланын башталгыч жалпы билим алууга тең укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоо болуп саналат.
  2. “Электрондук катто” АМСтин негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:

– жалпы билим берүү уюмдарынын биринчи классына кирүү үчүн                      ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр тарабынан балдарды каттоо жана башка юридикалык маанилүү аракеттерди аткаруу;

– жалпы билим берүү уюмдарынын биринчи классына кабыл алынган балдар жөнүндө маалыматты (документтерди) берүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине керектүү маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо;

– жалпы билим берүү уюмдарынын биринчи классына кирген окуучулар жөнүндө жалпыланган отчетту түзүү;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда Министрликтин Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалымат алуу үчүн сурап-билүү кызматтарын жана ресурстарды жайгаштыруу.

 

  1. “Электрондук катто” АМСте иштетилип чыгуучу жеке мүнөздөгү маалыматтар

 

  1. “Электрондук катто” АМСте баланын, арыз ээсинин, Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөнүн жарандарынын жеке мүнөздөгү маалыматтарын текшерүү үчүн “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана башка мамлекеттик органдар ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде иштелип чыгат:

Бала жөнүндө маалымат:

–Жеке идентификациялык номер (ЖИН);

–Аты-жөнү;

–Жынысы;

–Туулган күнү, айы, жылы;

–Туулгандыгы жөнүндө күбөлүк (берүүчү орган, берилген датасы, серия жана номер).

Арыз ээси жөнүндө маалымат:

–Жеке идентификациялык номер (ЖИН);

–Аты-жөнү;

–Жынысы;

–Туулган күнү, айы, жылы;

–Юридикалык дареги (арыз ээсинин каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалымат);

–Чыныгы дареги;

–Паспорт маалыматтары (серия, номер, берилген датасы, жарамдык датасы жана берүүчү орган);

–Байланыш маалыматтары (уюлдук телефондун номери, жумушчу телефону);

–Электрондук почта.

  1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн чечими менен пайдалануу мониторинги боюнча жооптуу ыйгарым укуктуу кызматкерди, “Электрондук катто” АМСти жүргүзүү жана “Электрондук катто” АМСтин субъекттеринин жеке маалыматтарынын сакталышын аныктайт.

 

  1. “Электрондук катто” АМСтин колдонуучулары жана алардын функциялары

 

  1. “Электрондук катто” АМСтин колдонуучулары (мындан ары — катышуучулар) болуп ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу кызматкерлери, жалпы билим берүү уюмдарынын администрациялары, баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлү–арыз ээси саналат, аларга автоматташтырылган маалыматтык системада кийинки функционалдык (колдонуучулук) ролдор аныкталган:

– ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмдөрүнүн ыйгарым укуктуу кызматкерлери билим берүүнүн абсолюттук жеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталган чараларды көрүүнү камсыздоо боюнча көзөмөл жүргүзүү, балдардын билим алууга карата укугунун сакталышын көзөмөлдөөнү камсыздоо функциясын аткарышат;

– жалпы билим берүү уюмдарынын администрациялары “Электрондук катто”  АМС аркылуу Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын биринчи классына кабыл алуу функциясын аткарышат;

– арыз берүүчү жалпы билим берүү уюмдарынын биринчи классына кабыл алуу үчүн “Электрондук катто” АМСте баланы өз убагында каттоо аркылуу баланын башталгыч жалпы билим алуу укугун камсыз кылат.

 

  1. “Электрондук катто” АМС процессинин катышуучуларынын укуктары жана милдеттери
  2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уктары:

– “Электрондук катто” АМСте өз ара аракеттенүү процессин жөнгө салуу үчүн өз компетенциясынын алкагында чечимдерди кабыл алууга жана бекитүүгө;

– жалпы билим берүү уюмдардын биринчи класстарына балдарды автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу кабыл алуу боюнча ушул Жобонун ченемдерин жана талаптарын аткаруу боюнча жалпы билим берүү уюмдардын ишмердигин текшерүүнү ишке ашырууга;

– натыйжалуу башкарууга жетишүү үчүн, анын ичинде ченемдик укуктук актыларды, ички актыларды сактоону, укукка каршы ишмердүүлүктү алдын алууну жана аныктоону; башкаруучулук отчеттуулукту жана маалыматты, ошондой эле аларды даярдоону камтыган ички көзөмөлдөө системасын уюштурууга;

– милдеттүү башталгыч жалпы билим алуунун жеткиликтүүлүгү бөлүгүндөгү укуктук пропаганда боюнча иш-чараларды өткөрүүгө;

– билим берүү жаатындагы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды жөнгө салууга;

– “Электрондук катто” АМСтин иштөө процессин координациялоого жана отчеттуулукту түзүүгө;

– “Электрондук катто” АМСке техникалык колдоо көрсөтүү боюнча өз ыйгарым укуктарын ыйгарым укуктуу органдарга өткөрүп берүүгө;

– “Электрондук катто” АМСте процесстердин толук иштешине                   иш-аракеттерди аткаруу же иш-аракеттерди аткарбоо менен тоскоолдук кылган, аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик чара колдонууга укуктуу.

  1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери:

– “Электрондук каттоо” АМСте өз ара аракеттенүү процессин жөнгө салуу үчүн аталган системанын катышуучуларына бекитилген чечимдерди жана локалдык актыларды өз убагында жиберүүгө;

– үзгүлтүксүз негизде “Электрондук каттоо” АМСти эксплуатациялоону камсыздоого;

– “Электрондук каттоо” АМСтин иштөөсүн колдоого;

– “Электрондук каттоо” АМСтеги жеке мүнөздөгү маалыматтын купуялуугун камсыздоого милдеттүү.

  1. Аймактык бөлүмдөрүнүн укуктары:

       – “Электрондук каттоо” АМСте өз ара аракеттенүү процессин жөнгө салуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдеринин жана локалдык актыларынын негизинде уюштуруу-тескөөчү документтерди чыгарууга жана бекитүүгө;

– ушул Жобонун нормаларына жана талаптарына  ылайык келиши боюнча жалпы билим берүү уюмдардын ишмердүүлүгүн текшерүүгө;

– ченемдик укуктук актыларды, локалдык актыларды сактоону, укуктарга каршы иш-аракеттерди алдын алууну жана аныктоону, башкаруучулук отчеттуулукту жана маалыматты, ошондой эле аларды даярдоону камтыган натыйжалуу жана таасирдүү башкарууга жетишүү үчүн комплекстик жана таасирдүү ички көзөмөлдөө системасын уюштурууга;

– коомчулуктун жана жалпы билим берүү уюмдардын администрациясынын арасында милдеттүү башталгыч жалпы билим алуунун жеткиликтүүлүгү бөлүгүндөгү укуктук пропаганда боюнча иш-чараларды өткөрүүгө;

– “Электрондук каттоо”  АМСте процесстердин толук иштешине                           иш-аракеттерди аткаруу же иш-аракеттерди аткарбоо менен тоскоолдук кылган жалпы билим берүү уюмдун директоруна жана кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик чара колдонууга укуктуу.

  1. Аймактык бөлүмдөрүнүн милдеттери:

– “Электрондук каттоо” АМСте өз ара аракеттенүү процессин жөнгө салуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан кабыл алынган чечимдерди жана локалдык актыларды өз убагында аткарууга;

– ушул Жобонун сакталышы үчүн жалпы көзөмөлдү камсыз кылуу, зарыл болгон учурда атайын тартипте кабыл алынган балдардын документтерин текшерүүгө;

– окутуу тилин эске алуу менен биринчи класска кабыл алуу үчүн окуучулук орундардын бекитилген санын (квотаны) макулдашууга жана ушул жылдын 20-мартына чейин «Электрондук каттоо» АМСке киргизүү;

– колдонуудагы мыйзамдарга жана ушул Жобого ылайык баланы жалпы билим берүү уюмдарынын биринчи классына кабыл алууда келип чыккан талаш-тартыштарды ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөрү менен чечүүгө көмөк көрсөтүүгө;

– “Электрондук каттоо” АМСте жеке мүнөздөгү маалыматтын купуялуугун камсыздоогө;

– балдарды биринчи класска киргизүү маселелери боюнча                                      ата-энелерден/мыйзамдуу өкүлдөрдөн электрондук түрдө келип түшкөн арыздарды үч иш күндө кароого милдеттүү.

  1. Жалпы билим берүү уюмунун директору төмөнкүлөргө укуктуу:

– “Электрондук каттоо” АМСте өз ара аракеттенүү процессин жөнгө салуу үчүн аймактык бөлүмдөрүнүн чечимдеринин жана локалдык актыларынын негизинде уюштуруу-тескөөчү документтерди чыгарууга жана бекитүүгө;

– натыйжалуу башкарууга жетишүү үчүн, анын ичинде ченемдик укуктук актыларды, ички актыларды сактоону, укукка каршы ишмердүүлүктү алдын алууну жана аныктоону камтыган комплекстүү жана натыйжалуу ички көзөмөлдөө системасын уюштурууга;

– коомчулуктун арасында милдеттүү башталгыч жалпы билим алуунун жеткиликтүүлүгү бөлүгүндөгү укуктук пропаганда боюнча иш-чараларды өткөрүүгө;

– камкордукка алынган (мыйзамда белгиленген) балдардын жана атайын тартипте кабыл алуунучу балдардын документтерин текшерүү үчүн  “Электрондук каттоо” АМСке кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга;

– үстүбүздөгү жылдын 30-августуна чейин баланы биринчи класска аныктоо үчүн балдардын ата-энелеринен/мыйзамдуу өкүлдөрүнөн же болбосо электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (Түндүк) аркылуу мыйзамда белгиленген тартипте тиешелүү тастыктоочу документтерди суроого;

– ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бала “Электрондук каттоо” АМС аркылуу кабыл алгандан кийин) аныкталган учурда класс жетекчининин/ жалпы билим берүү уюмдун психологунун өтүнүч каты боюнча директор психологиялык-медициналык-педагогикалык комиссияга (мындан ары – ПМПК) кайрылууга укуктуу. Ушул жылдын 30-августуна чейин ПМПК ар кандай диагностиканы жүргүзөт жана баланын физикалык да, психологиялык да абалын аныктайт, зарыл болгон учурда атайын жалпы билим берүү уюмдарына/класска аныктайт же бала буга чейин кабыл алынган жалпы билим берүү уюмдарында билим алуусун улантууну сунуштайт.

  1. Жалпы билим берүү уюмунун директору төмөнкүлөргө милдеттүү:

– балдарды биринчи класска “Электрондук каттоо” АМС аркылуу гана кабыл алууга;

– “Электрондук каттоо” АМСте өз ара аракеттенүү процессин ишке ашыруу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, аймактык бөлүмдөрү тарабынан бекитилген чечимдерди жана локалдык актыларды өз убагында аткарууга;

– үстүбүздөгү жылдын 15-мартына чейин биринчи класска кабыл алуу үчүн окуучулардын орундарынын санын  (квота) окутуу тилин эске алуу менен аныктоого жана бекитүү үчүн аймактык бөлүмдөрүнө тапшырууга;

– жалпы билим берүү уюмдарынын мектепке даярдоо классына кабыл алынган (мектепке даярдоо класстары бар жалпы билим берүү уюмдары) балдардын ата-энелерине/мыйзамдуу өкүлдөрүнө баланы биринчи класска кабыл алуу үчүн “Электрондук каттоо” АМС аркылуу өз убагында катталуунун зарылдыгы жөнүндө массалык маалымат каражаттары аркылуу маалымат берүүгө;

– “Электрондук каттоо” АМСте жеке мүнөздөгү маалыматтардын купуялуулугун камсыздоо боюнча өзүнө милдеттенмелерди жана жоопкерчиликти алууга. Мындай милдеттенмелер ал адамдар кызматтан кеткенден кийин да купуялуулук режимин сактоо мөөнөтүнүн ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүн жоготпойт;

– баланы биринчи класска кабыл алууда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюму менен ата-эненин/мыйзамдуу өкүлдүн ортосунда пайда болгон талаш-тартыш маселелерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык чечүүгө;

– үстүбүздөгү жылдын 15-мартына чейин аймактык ыйгарым укуктуу органдардан инсандыгын ырастоочу документтери жок мектеп жашындагы балдардын тизмесин суроого;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык гендердик катыш принцибин сактоо менен биринчи класстарды топтоого;

– жалпы билим берүү уюмдарына балдарды кабыл алууда ата-энелерди/мыйзамдуу өкүлдөрдү жалпы билим берүү уюмдун уставы менен, керектүү учурда жалпы билим берүү уюмдун ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу башка документтер менен тааныштырууга;

– ушул Жобонун аткарылышын, балдарды биринчи класска кабыл алуу боюнча документтерди текшерүүнү жүргүзүүнү.

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын жетекчиси төмөнкүлөргө милдеттүү:

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы                             № 388 токтому менен бекитилген Мектеп жана мектепке чейинки курактагы балдарды эсепке алуунун тартиби жөнүндө нускамага ылайык балдардын тизмесин түзүүгө;

– үстүбүздөгү жылдын 15-мартына чейин биринчи класска өз убагында кабыл алуу үчүн инсандыгын ырастоочу документтери жок балдардын тизмесин аймактык бөлүмдөрүнө тапшырууга;

  1. Баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлү–арыз ээси төмөнкүлөргө укуктуу:

– “Электрондук каттоо” АМСте авторизациядан өтүүгө;

– бул жалпы билим берүү уюмунда бош орун болсо, окутуу тилин эске алуу менен жалпы билим берүү уюмуна микроучасток боюнча жалпы билим берүү уюмунда бош орун болбосо, баланын инсандыгын тастыктаган документтердин жок болгон учурда жана белгиленген мөөнөттөрдө каттала албай калганда жана биринчи класска киргизүүнүн башка маселелери боюнча электрондук арыз берүүгө;

– “Электрондук каттоо” АМСти жөнгө салуучу, милдеттүү баштапкы жалпы билим алууга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуучу ченемдик укуктук актылар менен таанышууга укуктуу.

  1. Баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлү – арыз ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:

– онлайн режиминде mektep.edu.gov.kg платформасында мектеп жашына жеткен баланы (6-7 жаш) “Электрондук каттоо” АМСте каттоого:

1). Юридикалык жашаган жери боюнча — ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген графикке ылайык.

2). Чыныгы  (факт боюнча) жашаган жери боюнча-ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген графикке ылайык.

– баланы биринчи класска кабыл алуу жөнүндө билдирме алгангандан кийин, учурдагы жылдын 1-августунан баштап 15-сентябрынан кечиктирбестен жалпы билим берүү уюмуна тиешелүү тастыктоочу документтерди берүүгө.

– АМС сайтында жеткиликтүү болгон жалпы билим берүү уюмунун уставы менен таанышууга милдеттүү.

  1. Мамлекеттик кызматты керектөөчү бала башталгыч билим берүүнүн биринчи классына киргенде төмөнкү документтерди тапшырат:

– баланы жалпы билим берүү уюмунун биринчи классына кабыл алуу жөнүндө ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин арызы;

– баланын жана ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин инсандыгын ырастоочу документтери: мыйзам чегинде белгиленген тартипте баланы жалпы билим берүү уюмунун биринчи классына аныктоо үчүн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин паспорту же электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн “Түндүк” мамлекеттик порталы аркылуу;

– ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (белгиленген формалар);

– баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана ата-энесинин биринин паспорту, же болбосо мыйзамда белгиленген тартипте баланы биринчи класска аныктоо үчүн электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн “Түндүк” мамлекеттик порталы аркылуу;

– алынган эмдөөлөр жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы  (белгиленген формалар);

– баланын 3х4 см. өлчөмүндөгү сүрөтү;

Жалпы билим берүү уюмдун жетекчисине/жооптуу адамга жалпы билим берүү уюмдун биринчи классына балдарды кабыл алуу үчүн ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган документтерди талап кылууга тыюу салынат.

 

  1. Балдарды биринчи класска кабыл алуунун өзгөчө тартиби

 

  1. Баланы жардамчы жалпы билим берүү уюмдарына жана түзөтүүчү класстарга кабыл алуу санитардык чендерге жана эрежелерге, жалпы билим берүү уюмунун Уставына ылайык, ошондой эле психологиялык-медициналык-педагогикалык комиссиянын жолдомо катынын негизинде “Электрондук каттоо” АМСтен тышкары жүргүзүлөт.
  2. “Электрондук каттоо” АМС программалык деңгээлде кийинки мыйзамдуу жеңилдикке ээ жарандарга артыкчылык берет:

– аскер кызматчыларынын балдары, үй-бүлөсүнүн жашаган жери боюнча;

– тийиштүү маалымкатты берүү менен Кыргыз Республикасына көчүп келген, Кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздардын балдары;

– үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрына карата ушул билим берүү уюмунда бир жылдан кем эмес иштеген мугалимдердин жана штаттык кызматчыларынын балдары.

  1. Балдарды 1-класска кабыл алуу балдар иштери боюнча комиссиянын чечими боюнча баланын ата-энесинин/мыйзамдуу өкүлдөрүнүн электрондук арызын берүү аркылуу жүргүзүлөт жана жалпы негизде “Электрондук каттоо” АМСтен киргизилет.

 

  1. Жыйынтыктоочу жоболор

 

  1. Каттоо жана каттоонун башталышы жана аяктоо мөөнөтү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.
  2. Мектептик курагына жеткен (6-7 жана андан жогору жаштагы) бардык балдар (Кыргыз Республикасынын жардамчы жалпы билим берүү уюмдарына жана класстарына кабыл алынуучу балдардан тышкары) биринчи класска алардын даярдыгынын деңгээлине карабастан, “Электрондук каттоо” АМСке катталуу аркылуу аныкталат.
  3. Балдарды биринчи класска кабыл алууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ар кандай окутуу сабактары боюнча балдардын билим деңгээлин аныктоого багытталган текшерүүлөрдү (тесттерди, экзамендерди, сынактарды, аңгемелешүүлөрдү) жүргүзүүгө тыюу салынат.
  4. Жалпы билим берүү уюмдарынын биринчи классына баланы каттоо жана кабыл алуу тартиби ушул Жобонун жана “Электрондук каттоо” АМСтин “Колдонуучунун нускамасына” ылайык ишке ашырылат.
  5. Каалаган жалпы билим берүү уюмунда орун жок болгон учурда-ата-эне/мыйзамдуу өкүл комиссиянын чечиминин негизинде электрондук арыз берүү аркылуу бош орун бар жалпы билим берүү уюмуна “Электрондук каттоо” АМСке катталат.
  6. Окуу жылында келген ата-эне/мыйзамдуу өкүл электрондук арыз берүү аркылуу бош орундары бар жалпы билим берүү уюмду тандайт жана “Электрондук каттоо” АМС аркылуу каттоодон өтөт.
  7. Менчиктин аралаш жана жеке менчик түрүндөгү жалпы билим берүү уюмдардын каалоосу боюнча балдарды биринчи класска электрондук каттоо процессине катыша алат.

 

 

 

ПОЛОЖЕНИЕ

об автоматизированной информационной системе

«Электронная запись детей в государственные и муниципальные общеобразовательные организации Кыргызской Республики»

 

  1. Общие положения

 

  1. Настоящее Положение об автоматизированной информационной системе «Электронная запись детей в государственные и муниципальные общеобразовательные организации Кыргызской Республики» (далее –Положение) определяет основные цели, задачи и порядок функционирования автоматизированной информационной системы «Электронная запись детей в государственные и муниципальные общеобразовательные организации Кыргызской Республики», а также права, обязанности и ответственность ее участников для поступления в первый класс детей в государственные и муниципальные общеобразовательные организации Кыргызской Республики (далее – общеобразовательные организации).
  2. Настоящее Положение разработано в соответствии с Конституцией Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о детях, законов Кыргызской Республики «Об образовании», «О государственной статистике», «Об информации персонального характера», «О статусе военнослужащих», «О государственных гарантиях этническим кыргызам, переселяющимся в Кыргызскую Республику», «О порядке рассмотрения обращений граждан», а также постановлений Правительства Кыргызской Республики                                           «Об утверждении стандартов государственных услуг, оказываемых физическим и юридическим лицам государственными органами, их структурными подразделениями и подведомственными учреждениями»                      от 3 июня 2014 года № 303, «Об утверждении Типового положения об общеобразовательной организации» от 12 сентября 2011 года № 541,                                    «Об утверждении Положения о порядке выявления детей и семей, находящихся в трудной жизненной ситуации» от 22 июня 2015 года № 391, «Об утверждении Типового положения о Комиссии по делам детей» от 24 июля 2017 года № 449, «Об утверждении Инструкции о порядке учета детей школьного и предшкольного возраста» от 19 июня 2017 года № 388, Положении «О Министерстве образования и науки Кыргызской Республики» от 5 марта 2021 года № 72.
  3. В настоящем Положении используются следующие основные понятия:

Автоматизированная информационная система «Электронная запись детей в образовательные организации Кыргызской Республики» (далее – АИС «Электронная запись») – информационная система, обеспечивающая автоматизацию процессов регистрации, учета и обработки данных детей школьного возраста при поступлении в первый класс общеобразовательных организаций.

Владелец АИС «Электронная запись» – уполномоченный государственный орган в области образования и науки Кыргызской Республики (далее – уполномоченный государственный орган), вырабатывающий единую государственную политику в области образования, и осуществляющий государственный контроль за доступностью и качеством образования, за обеспечением конституционных прав граждан Кыргызской Республики на образование.

Заявитель – родитель/законный представитель ребенка (родители, усыновители, попечители, опекуны, при их отсутствии — сотрудник уполномоченного органа по защите детей).

Военнослужащие – граждане Кыргызской Республики, состоящие на военной службе в Вооруженных Силах, других воинских формированиях и государственных органах Кыргызской Республики, в которых законом предусмотрена военная служба, а также военнообязанные, находящиеся на военных сборах.

Кайрылман – этнический кыргыз, являющийся иностранным гражданином или лицом без гражданства, добровольно переселяющийся в Кыргызскую Республику и получивший статус кайрылмана.

Микроучасток – это территория в рамках административно-территориального деления города, включающего в себя название улиц                             и номера домов, расположенных в непосредственной близости                                                 с общеобразовательными организациями.

Получатели данных АИС «Электронная запись» – уполномоченные сотрудники уполномоченного государственного органа, территориальные подразделения уполномоченного государственного органа (далее- территориальные подразделения), руководители общеобразовательных организаций, работающих со статистическими данными.

          Пользователи АИС «Электронная запись» – уполномоченные сотрудники уполномоченного государственного органа, руководители общеобразовательных организаций, родитель/законный представитель ребенка, которым определены функциональные (пользовательские) роли в автоматизированной информационной системе.

Персональные данные – список категорий данных об одном субъекте.

Субъект персональных данных (ребенок, родитель/законный представитель) – физическое лицо, к которому относятся соответствующие персональные данные.

  1. АИС «Электронная запись» (mektep.edu.gov.kg) является бесплатным программным продуктом для реализации государственной образовательной услуги. Владельцем АИС «Электронная запись» является – уполномоченный государственный орган в лице Министерства образования и науки Кыргызской Республики.
  2. Дети, достигшие школьного возраста (6 -7 лет (6 полных лет на 15 сентября текущего года), проживающие/не проживающие на территории, закрепленной за общеобразовательной организацией, принимаются в первый класс через АИС «Электронная запись», которая является обязательным для администрации общеобразовательных организаций при оказании государственных услуг.

 

  1. Основные цели и задачи АИС «Электронная запись»

 

  1. Основной целью внедрения АИС «Электронная запись» является автоматизация процессов регистрации, учета и обработки данных учащихся при поступлении в первый класс общеобразовательных организаций, а также обеспечение равных прав и возможностей каждого ребенка на начальное общее образование.
  2. Основными задачами функционирования АИС «Электронная запись» являются:

– регистрация детей родителями/законными представителями для поступления в первый класс общеобразовательных организаций;

– обеспечение доступа к информации, необходимой для сотрудников уполномоченного государственного органа и его территориальным подразделениям для предоставления сведений (документов) о детях, поступивших в первый класс общеобразовательных организаций;

– создание сводной отчетности об учащихся, поступивших в первый класс общеобразовательных организаций;

– обеспечение взаимодействия уполномоченного государственного органа с другими государственными органами Кыргызской Республики в случаях, предусмотренных законодательством Кыргызской Республики;

– размещение информационно-справочных услуг и ресурсов в соответствии с законодательством Кыргызской Республики.

 

  1. Персональные данные, обрабатываемые в

АИС «Электронная запись»

 

  1. В АИС «Электронная запись» обрабатываются персональные данные ребенка, заявителя, гражданина Кыргызской Республики и иностранных граждан, посредством системы межведомственного электронного взаимодействия (далее – СМЭВ) «Тундук» для верификации, на основании заключаемого договора между уполномоченным государственным органом и другими государственными органами.

Сведения о ребенке:

– Персональный идентификационный номер (ПИН);

– Фамилия, имя, отчество;

– Пол;

– Число, месяц, год рождения;

– Свидетельство о рождении (орган выдачи, дата выдачи, серия и номер).

Сведения о заявителе:

– Персональный идентификационный номер (ПИН);

– Фамилия, имя, отчество;

– Пол;

– Число, месяц, год рождения;

– Юридический адрес (сведения о регистрационном учете заявителя);

– Фактический адрес;

– Паспортные данные (серия, номер, дата выдачи, дата истечения и орган выдачи);

– Контактные номера (мобильный номер, рабочий телефон);

– Электронная почта.

  1. Уполномоченный государственный орган своим решением определяет уполномоченного сотрудника ответственного по мониторингу использования, ведению АИС «Электронная запись» и сохранность персональных данных субъектов АИС «Электронная запись».

 

  1. Пользователи АИС «Электронная запись» и их функции

 

  1. Пользователями АИС «Электронная запись» (далее – участники) являются уполномоченные сотрудники уполномоченного государственного органа, администрации общеобразовательных организаций, заявитель (родитель/законный представитель ребенка), которым определены следующие функциональные (пользовательские) роли в автоматизированной информационной системе:

– уполномоченные сотрудники уполномоченного государственного органа и его территориальных подразделений осуществляют функции обеспечения контроля за принятием мер, направленных на обеспечение абсолютной доступности образования, обеспечения контроля за соблюдением прав детей на образование;

– администрация общеобразовательных организаций осуществляет функции приема детей в первый класс общеобразовательных организаций посредством АИС «Электронная запись»;

– заявитель обеспечивает право ребенка на начальное общее образование, путем своевременной регистрации ребенка в АИС «Электронная запись» для приема в первый класс общеобразовательных организаций.

  1. Права и обязанности участников процесса АИС «Электронная запись»

Уполномоченный государственный орган имеет право:

– утверждать и издавать в пределах своей компетенции решения для регулирования процесса взаимодействия в АИС «Электронная запись»;

– осуществлять проверку деятельности общеобразовательных организаций по соблюдению норм и требований данного Положения в части приема ребенка в первый класс общеобразовательных организаций через АИС «Электронная запись»;

– организовывать комплексную и эффективную систему внутреннего контроля для достижения результативного и эффективного управления, включающую соблюдение нормативных правовых актов, внутренних актов, предотвращение и выявление противоправных деяний, управленческой отчетности и информации, а также их подготовку;

– проводить мероприятия по правовой пропаганде в части доступности получения обязательного начального общего образования среди общественности;

– регулировать информационно-коммуникационные технологии в области образования;

– координировать процесс функционирования АИС «Электронная запись» и формировать отчетность;

– делегировать свои полномочия уполномоченным органам для оказания технической поддержки АИС «Электронная запись»;

– в соответствии с законодательством Кыргызской Республики применять меры дисциплинарного воздействия в отношении работников территориальных подразделений, препятствующих своими действиями или бездействием полноценному функционированию процессов в АИС «Электронная запись».

  1. 12. Уполномоченный государственный орган обязан:

– своевременно направлять утвержденные решения и локальные акты для регулирования процесса взаимодействия в АИС «Электронная запись» непосредственным участникам данной системы;

– обеспечивать эксплуатацию АИС «Электронная запись» на постоянной основе;

– поддерживать функционирование АИС «Электронная запись».

– обеспечить конфиденциальность персональных данных, обрабатываемых в АИС «Электронная запись».

  1. 13. Территориальные подразделения имеют право:

– утверждать и издавать организационно-распорядительные документы на основании решений и локальных актов уполномоченного государственного органа для регулирования процесса взаимодействия в АИС «Электронная запись»;

– осуществлять проверку деятельности общеобразовательных организаций по соблюдению норм и требований данного Положения;

– организовывать комплексную и эффективную систему внутреннего контроля для достижения результативного и эффективного управления, включающую соблюдение нормативных правовых актов, локальных актов, предотвращение и выявление противоправных деяний; управленческой отчетности и информации, а также их подготовку;

– проводить мероприятия по правовой пропаганде в части доступности получения обязательного начального общего образования среди общественности и администрации общеобразовательных организаций;

– в соответствии с законодательством Кыргызской Республики применять меры дисциплинарного воздействия в отношении руководителей общеобразовательных организаций, препятствующих своим действием или бездействием полноценному функционированию процессов АИС «Электронная запись».

  1. 14. Территориальные подразделения обязаны:

– своевременно исполнять утвержденные решения и локальные акты уполномоченного государственного органа для регулирования процесса взаимодействия в АИС «Электронная запись»;

– обеспечивать общий контроль над соблюдением данного Положения, при необходимости осуществлять проверку документов по приему детей, зачисленных в особом порядке;

– согласовывать количество ученических мест (квоты) каждой общеобразовательной организации для приема в первый класс общеобразовательных организаций с учетом языка обучения и вводить в АИС «Электронная запись» до 20 марта текущего года.

– оказывать содействие в решении спорных вопросов, возникающих при зачислении ребенка в первый класс общеобразовательных организаций с родителями/законными представителями детей, в соответствии                                           с действующим законодательством Кыргызской Республики и настоящим Положением;

–обеспечивать конфиденциальность персональных данных, обрабатываемых в АИС «Электронная запись».

–рассматривать заявления, поступившие в электронном виде, от родителей/законных представителей, по вопросам зачисления детей в первый класс общеобразовательных организаций в течении трех рабочих дней.

  1. 15. Директор общеобразовательной организации имеет право:

– издавать и утверждать организационно-распорядительные документы на основании решений и локальных актов уполномоченного государственного органа, территориальных подразделений для реализации процесса взаимодействия в АИС «Электронная запись»;

–организовывать комплексную и эффективную деятельность внутреннего контроля для достижения результативного и эффективного управления, включающую соблюдение нормативных правовых актов, локальных актов, предотвращать противоправные деяния;

– проводить мероприятия по правовой пропаганде в части доступности получения обязательного начального общего образования среди общественности;

– на доступ к АИС «Электронная запись» для проверки документов детей, находящихся под опекой (установленной в законном порядке) и детей, зачисляемых в особом порядке;

– запрашивать соответствующие подтверждающие документы у родителей/законных представителей детей либо через Государственный портал электронных услуг «Тундук» для определения ребенка в первый класс в установленном законом порядке до 30 августа текущего года.

– в случае выявления ребенка (после зачисления через АИС «Электронная запись») с ограниченными возможностями здоровья директор, по ходатайству непосредственного классного руководителя/психолога общеобразовательной организации, имеет право обратиться в психолого-медико-педагогическую комиссию (далее – ПМПК). ПМПК проводит различного рода диагностику и определяет, как физическое, так и психологическое состояние ребенка, и в случае необходимости определяет его в специализированную общеобразовательную организацию, либо рекомендует на продолжение обучения в массовой общеобразовательной организации, в которую до этого был принят ребенок до 30 августа текущего года.

  1. 16. Директор общеобразовательной организации обязан:

– вести прием детей в первый класс исключительно через АИС «Электронная запись»;

– своевременно исполнять решения и локальные акты, утвержденные уполномоченным государственным органом, территориальными подразделениями, для реализации процесса взаимодействия в АИС «Электронная запись»;

– утвердить количество ученических мест (квоты) для приема в первый класс с учетом языка обучения и предоставить в территориальные подразделения для утверждения до 15 марта текущего года;

– информировать родителей/законных представителей ребенка, посещающих занятия по предшкольной подготовке (в общеобразовательных организациях, где ведутся занятия по предшкольной подготовке) о необходимости своевременной регистрации в АИС «Электронная запись» для зачисления в первый класс через средства массовой информации;

– принимать на себя обязательства и нести ответственность по обеспечению конфиденциальности персональных данных в АИС «Электронная запись». Такие обязательства остаются в силе и после окончания работы этих лиц с персональными данными в течение срока сохранения режима конфиденциальности согласно законодательству Кыргызской Республики;

– разрешать спорные вопросы, возникающие при зачислении ребенка в первый класс с родителями/законными представителями детей, в соответствии с действующим законодательством Кыргызской Республики и настоящим Положением;

– запрашивать список детей школьного возраста, не имеющих документов, подтверждающих личность у территориальных подразделений до 15 марта текущего года;

– комплектовать первые классы по принципу гендерного соотношения согласно законодательству Кыргызской Республики;

– при приеме ребенка в первый класс ознакомить родителей/законных представителей с уставом и другими локальными документами, регламентирующими образовательный процесс;

– обеспечивать общий контроль за соблюдением данного Положения, осуществлять проверку на наличие необходимых документов для зачисления ребенка в первый класс.

  1. 17. Руководитель уполномоченного территориального органа местного самоуправления обязан:

– формировать списки детей на основании Инструкции о порядке учета детей школьного и предшкольного возраста», утвержденной Постановлением правительства Кыргызской Республики от 19 июня 2017 года № 388;

– предоставлять в территориальные подразделения списки детей, не имеющих документы удостоверяющего личность, в целях своевременного зачисления в первый класс общеобразовательных организаций до 15 марта текущего года.

  1. 18. Родитель /законный представитель — заявитель ребенка имеет право:

– проходить авторизацию в АИС «Электронная запись»;

– подать электронное заявление в общеобразовательную организацию с учетом языка обучения, при наличии свободного места в данной общеобразовательной организации;

– подать заявление в электронном виде в случаях отсутствия свободных мест в общеобразовательной организации по микроучастку, документов, подтверждающую личность ребенка, регистрации в установленные сроки и иных вопросов зачисления ребенка в первый класс;

– на доступ к нормативным правовым актам, регулирующим АИС «Электронная запись», обеспечивающим доступность получения обязательного начального общего образования;

– на ознакомление с уставом и другими локальными документами, регламентирующими процесс зачисления детей в первый класс.

  1. 19. Родитель /законный представитель — заявитель ребенка обязан:

– зарегистрировать ребенка достигшего школьного возраста (6-7 лет) в АИС «Электронная запись» на сайте mektep.edu.gov.kg в он-лайн режиме:

1). По юридическому месту проживания — согласно графику, установленному уполномоченным государственным органом.

2). По фактическому месту проживания — согласно графику, установленному уполномоченным государственным органом.

– после получения уведомления о приеме ребенка в первый класс родитель/законный обязан в срок с 1 августа и не позднее 5 сентября текущего года предоставить соответствующие подтверждающие документы в общеобразовательную организацию;

– ознакомиться с уставом общеобразовательной организации, которые будут доступны на сайте АИС.

  1. 20. Потребитель государственной услуги представляет следующие документы при поступлении ребенка в первый класс начального образования:

– заявление в электроном виде одного из родителей/законного представителя о приеме ребенка в первый класс общеобразовательных организаций;

– копии документов, удостоверяющих личность ребенка и одного из родителей/ законных представителей: свидетельство о рождении ребенка                      и паспорт одного из родителей, либо через Государственный портал электронных услуг «Тундук» для определения ребенка в первый класс общеобразовательных организаций в установленном законом порядке;

– оригинал медицинской справки о состоянии здоровья (установленной формы);

– оригинал медицинской справки о полученных прививках (установленной формы);

– фотография ребенка размером 3×4 см;

Руководителю/ответственному лицу за прием детей в первый класс общеобразовательных организаций запрещается требовать у родителей/законных представителей ребенка предоставления документов, не предусмотренных настоящим Положением и законодательством Кыргызской Республики.

  1. Особый порядок определения детей в первый класс общеобразовательных организаций
  1. 21. Прием детей во вспомогательные общеобразовательные организации и коррекционные классы проводится в соответствии с санитарными нормами и правилами, а также Уставом общеобразовательной организации и осуществляется только по заключению в психолого-медико-педагогическую комиссию вне АИС «Электронная запись».
  2. 22. АИС «Электронная запись» на программном уровне предоставляет приоритетность для следующих льготных категорий граждан:

–    дети военнослужащих по месту жительства их семей;

– дети этнических кыргызов, переселившихся в Кыргызскую Республику имеющих статус кайрылманов при предоставлении соответствующей справки;

– дети учителей и штатных сотрудников общеобразовательных организаций, проработавших в данной общеобразовательной организации не менее одного года по состоянию на 15 сентября текущего года.

  1. 23. Прием детей в первый класс общеобразовательных организаций, по решению Комиссии по делам детей, производится через подачу электронного заявления родителей/законных представителей ребенка и зачисляются на общих основаниях в АИС «Электронная запись».
  2. Заключительные положения

 24. Даты начала, окончания регистрации и зачисления устанавливаются уполномоченным органом.

25. Все дети (кроме детей, зачисляемых во вспомогательные общеобразовательные организации Кыргызской Республики и классы), достигшие школьного возраста (6-7 лет) определяются в первый класс независимо от уровня их подготовки путем регистрации в АИС «Электронная запись».

26. При зачислении детей в первые классы общеобразовательных организаций не допускается проведение испытаний (тестов, экзаменов, конкурсов, собеседований), направленных на выявление уровня знаний ребенка по различным учебным дисциплинам в соответствии с законодательством Кыргызской Республики.

27. Порядок регистрации и зачисления ребенка в первый класс общеобразовательных организаций осуществляется в соответствии с настоящим Положением и Инструкцией пользователя АИС «Электронная запись».

28. В случае отсутствия места в желаемой общеобразовательной организации родитель/законный представитель через подачу электронного заявления на основании решения комиссии зачисляются на общих основаниях в АИС «Электронная запись», где есть свободные места.

29. Родитель/законный представитель, прибывший в течение учебного года, выбирают общеобразовательную организации, где есть свободные места через подачу электронного заявления и проходит регистрацию через АИС «Электронная запись».

30. Общеобразовательные организации смешанных и частных форм собственности по желанию могут принять участие в процессе электронной записи детей в первый класс.