«Кыргыз барда жанып турган ааламга, Чыңгыз деген жылдыз өчпөйт асманда» аталышында илимий конференция
12-декабрь “Улуттук адабият” күнүнө залкар жазуучубуз Ч. Айтматовдун туулган күнүнө карата “Кыргыз барда жанып турган ааламга, Чыңгыз деген жылдыз өчпөйт асманда” аталышындагы райондук илимий конференция өткөрүлдү
Биринчи Май районунун №48 гимназия-мектебинде “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына арналган үч айлыгынын алкагында жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 28-январындагы жыйынында жарлыктын негизинде 12-декабрь “Улуттук адабият ”күнөнө 2024-жылдын 10-декабрында ““Кыргыз барда жанып турган ааламга, Чыңгыз деген жылдыз өчпөйт асманда” аталышындагы райондук илимий конференция өткөрүлдү ” аталышындагы райондук иш-чара өттү.
Иш-чарага Биринчи Май районунун билим берүү башкармалыгынын мамлекеттик тил боюнча башкы адиси Табылды кызы Амангүл , Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун жетектөөчү илимий кызматкери Тургунова Ж. Ж., Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун ага илимий кызматкери Арипов С. К. №48 ГМнын жетекчиси Роткина Т. Ю., ошондой эле мамлекеттик тил мугалимдери жана мектеп окуучулары катышышты.
Адабияттын аплтары А.Осмоновдун ырлары көркөм окулуп, обондуу ырлары аткарылып, Ч. Айтматовдун чыгармаларынан чакан сценка жана видео презантация көрсөтүлдү. Чакырылган коноктор “Айтматов жана театр”, “Айтматов сүрөт искусствосунда” темалары менен баяндама жасашты.
Комментарии