Ак калпак күнү
Ар жыл сайын 5-мартта Кыргызстанда улуттук баш кийим ак калпактын урматына, Ак калпак күнү белгиленет. Бул күн ЖКнын 2016-жылдын 29-июнундагы токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салтты колдоо максатында кабыл алынган. Ушул эле салтты улай 2025-жылдын 5-мартында #48 гимназия-мектебинде «Ак калпак» күнү белгиленди. Кыргыз тили жана адабияты мугалимдери ар сабакта бул күндүн маанилүүлүгү боюнча маалымат беришип, ак калпактын түрлөндөгү жана түстөрүнүн өзгөчөлүктөрү боюнча видео материалдар көрсөтүлүп, ак калпак жөнүндө ырлар да окулду.
Кийгенде башка жарашкан,
Суктанып баары карашкан.
Ак калпак калган мураска,
Атабыз айкөл Манастан.
Киебиз сыймыктап ардактап,
Кыргыздын жүзүсүң АК КАЛПАК
Комментарии