«Манас күнүнө»
4-декабрь «Манас күнүнө» карата # 48 гимназия-мектебинде «Кыргыздын улуу мурасы — Манас» аталышында кыргыз тили жана адабияты мугалими Базарбаева Р. С., Чадаева А. Дж. ачык сабак өтүштү. Анда 7-б, 5-г класстын окуучулары катышышты. Манас эпосунун гимни ырдалып, 5г класстын окуучулары манас айтышты. «Манас» эпосунун баалуулугу, манасчылык өнөр, улуу манасчылар жана учурдагы манасчылык өнөрдү алып жүрүүчүлөр жөнүндө маалыматтар берилип, окуучуларды Манас дүйнөсүнө жакын болууга чакырышты.
Кайың барбы кыргыз балта чаппаган
Кыр-жон барбы кыргыз кыргын таппаган.
Кылымдарга аты калбай өчөрдө
Кыргыз элин кыраан Манас сактаган
Комментарии