Ата-энелерге кайрылуу ! Обращение к родителям!
Урматтуу ата-энелер!
Абдан аз калды — 2025–2026-окуу жылы жакындап калды. Жаңы окуу жылынын алдында мектебибизде агымдагы оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Курулуш материалдарына каражат шаардык бюджеттен бөлүнүп, ал эми иштер мугалимдер жана техникалык кызматкерлердин күчү менен аткарылды. Биз балдар үчүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүүгө аракет кылдык. Балдарыңызда мектеп мүлкүнө жана алардын билим алуусуна шарт түзүп жаткан адамдардын эмгегине этият жана урматтоо мамилени калыптандырууга көмөктөшүңүздөрдү суранабыз.
Урматтуу ата-энелер, бала тарбиялоодо жана өнүктүрүүдө ийгиликке жетишүү – бул үй-бүлө менен мектептин активдүү кызматташтыгынын негизинде гана мүмкүн. Ушуга байланыштуу төмөнкү жагдайларга көңүл бурууңуздарды эскерте кетебиз:
Сабакка туруктуу катышуу — ар бир себепсиз калтырылган күн билимге жана тартипке терс таасирин тийгизет;
Окуудагы жетишкендиктерди көзөмөлдөө — үй тапшырмаларын аткаруусуна, мектеп иш-чараларына катышуусуна жана билим деңгээлине көңүл буруңуздар;
Мектеп формасын сактоо — окуучунун сырткы келбети таза, тыкан жана мектеп талабына ылайык болушу керек;
Мектеп мүлкүнө аяр мамиле кылуу — мектепте түзүлгөн бардык шарттар кийинки муундар үчүн да сакталышы керек;
Мугалимдерге жана башка окуучуларга урмат менен мамиле кылуу — өз ара сый-урмат болгон жерде ынтымактуу жамаат жана бекем тарбия калыптанат;
Коопсуздук эрежелерин сактоо жана баланын өмүрүн, ден соолугун коргоо — мектепте да, мектептен тышкары да. Балдарыңыз менен жол эрежелери, коомдук жайларда жүрүү, өзгөчө кырдаалдардагы жүрүм-турум тууралуу маал-маалы менен сүйлөшүп турууну унутпаңыздар.
Сиздердин түшүнүүңүздөргө жана мектептин турмушуна активдүү катышууңуздарга ишенебиз. Болгондо да, биргелешкен аракетибиз менен ар бир бала өзүнө ишенип, жөндөмүн ачып, ийгиликтерге жетише алат.
Уважаемые родители!
Совсем скоро начинается новый 2025–2026 учебный год. В преддверии начала учебного года в школе был проведён текущий ремонт. Средства на строительные материалы были выделены из городского бюджета, а работы выполнены силами педагогов и технического персонала. Мы постарались создать для детей максимально комфортные и безопасные условия для учёбы. Просим вас воспитывать у детей бережное отношение к школьному имуществу, к труду других людей, благодаря которому обеспечивается их обучение.
Уважаемые родители, успешное развитие и воспитание ребёнка возможно только при активном взаимодействии семьи и школы. В этой связи напоминаем вам о важности:
- Регулярной посещаемости занятий — каждый пропущенный день сказывается на знаниях и дисциплине;
- Контроля за успеваемостью — просим следить за выполнением домашних заданий, участием в школьной жизни и результатами обучения;
- Соблюдения установленной школьной формы — внешний вид учащихся должен быть аккуратным и соответствовать школьным требованиям;
- Бережного отношения к школьному имуществу — всё, что создано в школе, должно сохраняться для будущих поколений;
- Уважительного отношения к педагогам и другим учащимся — именно в атмосфере взаимоуважения формируется здоровый коллектив и крепкий моральный фундамент ребёнка;
- Соблюдения правил безопасности и охраны жизни и здоровья — как в школе, так и вне её. Просим регулярно беседовать с детьми о правилах поведения на дорогах, в общественных местах, при чрезвычайных ситуациях.
Надеемся на ваше понимание и активное участие в жизни школы. Только вместе мы сможем создать условия, в которых каждый ребёнок почувствует себя уверенно, раскроет свои способности и добьётся успехов.
С уважением,
Администрация школы СОШ №48
Комментарии