Адабият күнү белгиленди
Мектебибизде Адабият күнү өзгөчө маанайда белгиленип, окуучулар үчүн руханий жана таанып-билүүчү иш-чаралар уюштурулду. Иш-чаранын алкагында белгилүү чыгармалардын негизинде тартылган көркөм фильмдер көрсөтүлүп, окуучулар чыгарманын образдарын, идеяларын терең түшүнүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Ошондой эле предметтик мугалимдер тарабынан ачык сабактар өткөрүлүп, адабий чыгармаларды талдоо, авторлордун өмүрү жана чыгармачылыгын изилдөө багытында кызыктуу материалдар сунушталды. Класстык сааттарда окуучулар көргөн фильмдер боюнча пикир алышып, каармандардын мүнөздөрүн, окуянын сюжетин жана чыгарманын тарбиялык маанисин талкуулашты.
Иш-чаралардын жалпы максаты – окуучулардын адабиятка болгон кызыгуусун арттыруу, көркөм сөздүн күчүн таанытуу жана руханий дөөлөттөрдү даңазалоо болду. Адабият күнүнө активдүү катышкан бардык мугалимдерге жана окуучуларга ыраазычылык билдиребиз.
Комментарии