Нооруз майрамыңыз менен!
№48 жалпы билим берүүчү мектебинде Нооруз майрамы белгиленди 2026-жылдын 19-март күнү №48 ЖББМда Нооруз майрамына арналган «Кел, Ноорузум!» аталышындагы салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул майрамдык иш-чара окуучуларга улуттук каада-салттарды даңазалоо, элдик мурастарды урматтоо жана ынтымакты бекемдөө максатын көздөдү.
Нооруз майрамын утурлай мектепте бир катар маданий жана тарбиялык иш-чаралар уюштурулду:
Мектептин фоеси жана мектеп алдындагы аянтча майрамдык маанайда жасалгаланды. Аны менен катар бардык класстарда «Нооруз майрамынын тарыхы» темасындагы класстык сааттар, Кыргыз тили сабактарында тематикалык викториналар сабактар , 6-8- класстар арасында «Нооруз» темасында дубал гезиттер сынагы. 3-4-класстар арасында Арт-картина: «Салам, Нооруз!» сүрөт салуу. 9-11-класстар арасында Улуттук оюндар: жоолук таштамай, эр эңиш, аркан тартыш ж.б. оюн-зооктор көрсөтүлдү.
Майрамдык концертте окуучулар улуттук ыр-бийлерди аткарып, сахналаштырылган көрүнүштөрдү көрсөтүштү. Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулады.
Нооруз майрамга утурлай “Мен сени сүйөм, Кыргызстаным!” аталышында 5-11-класстар арасында окурмандар сынагы старт алды.
Нооруз – бул жаңылануунун, ынтымактын жана жакшылыктын майрамы. Ушундай иш-чаралар жаш муунду улуттук баалуулуктарды урматтоого тарбиялайт.
Комментарии