23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнү!
Бүгүн биздин №48 жалпы билим берүү мектебинде Мамлекеттик тил күнүнө арналган «Тил — улуттун мурасы» аттуу салтанаттуу линейка өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар кыргыз тилин даңазалаган көркөм окууларды аткарып, обондуу ырларды ырдап, улуттук бийлерди бийлешти. Кыргыз күүлөрүнүн коштоосундагы чыгармалар майрамга өзгөчө көрк берип, катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулады.
Салтанаттын негизги максаты — жаш муундардын мамлекеттик тилге болгон сүйүүсүн арттырып, эне тилибиздин баалуулугун даңазалоо болду. Окуучулар өз өнөрлөрүн көрсөтүп, кыргыз тилине болгон урмат-сыйын билдиришти.
Тил — улуттун жан дүйнөсү, тарыхы жана келечеги. Ар бирибиз мамлекеттик тилибизди урматтап, аны өнүктүрүүгө өз салымыбызды кошолу!
Кыргыз тилибиздин кадыр-баркы көтөрүлүп, колдонуу чөйрөсү кеңейе берсин! Кыргыз тили өсө берсин, өнүгө берсин!
Комментарии