Требования к уровню владения государственным языком по системе «Кыргызтест»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
Бишкек шаары, 2025-жылдын 17-апрели № 211
Мамлекеттик жарандык кызматчылардын, муниципалдык кызматчылардын, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык менчик түрүндөгү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин белгилөө жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 32, 33-беренелерин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
- «Кыргызтест» системасы боюнча кызматтык жана функциялык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө төмөнкүдөй мамлекеттик тилди билүү деңгээлдери белгиленсин:
1) тизмеги Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде белгиленген мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн:
2025-жылдан тартып — орто деңгээлден (В1) төмөн эмес;
2027-жылдан тартып — ортодон жогору деңгээлден (В2) төмөн эмес;
2) бул пункттун 1-пунктчасында каралган адамдардын категориясына кирбеген мамлекеттик жана муниципалдык менчик түрүндөгү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызмат адамдары жана кызматкерлери үчүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелбеген адамдардан тышкары, билим берүү уюмдарынын педагогикалык жана илимий кызматкерлери жана саламаттык сактоо мекемелеринин медициналык кызматкерлери үчүн:
2026-жылдан тартып — орто деңгээлден (В1) төмөн эмес;
2028-жылдан тартып — ортодон жогору деңгээлден (В2) төмөн эмес;
3) бул пункттун 1, 2-пунктчаларында көрсөтүлгөндөрдүн ичинен Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жана Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган этностук азчылыктын өкүлдөрү үчүн:
2026-жылдан тартып — базалык деңгээлден (А2) төмөн эмес;
2028-жылдан тартып — орто деңгээлден (В1) төмөн эмес.
- Кызматтык жана функциялык милдеттери бөлүмдү башкаруу, ишти пландоо жана координациялоо, ошондой эле консультация берүү, эл алдында презентация кылуу, чыгып сүйлөө жана расмий жазуу жүзүндөгү тексттерди даярдоо менен байланышкан кызмат адамдары жана кызматкерлер үчүн иш берүүчү мамлекеттик тилди билүүгө ушул токтомдун 1-пунктунда белгиленгендерге караганда кыйла жогору талап коюуга укуктуу деп аныкталсын.
- Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери (макулдашуу боюнча), ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык менчик түрүндөгү ишканалардагы, мекемелердеги жана уюмдардагы иш берүүчүлөр кызмат адамдарын жана кызматкерлерин мамлекеттик тилди зарыл деңгээлде окутууну камсыз кылууга тийиш деп;
2) 2025-жылдын ичинде ушул токтом менен талап кылынган деңгээлде мамлекеттик тилди билүү боюнча кызматкерлердин сертификатынын жоктугу аларды ээлеген кызмат орундарына ылайык келбейт деп таануу же кызмат ордунан төмөндөтүү үчүн негиз болуп саналбайт деп;
3) бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча), мамлекеттик жана муниципалдык менчик түрүндөгү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын тиешелүү жылдарга каралган каражаттарынын чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каржылоо булактарынын эсебинен жүзөгө ашырылат деп.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 «Административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын мамлекеттик тилди өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү көлөмдө билүү деңгээлин белгилөө жана аны мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине киргизүү мөөнөтү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
- Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.Касымалиев |
Кабинет Министров Кыргызской Республики принял Постановление № 211 от 17 апреля 2025 года «Об определении уровня владения государственным языком государственными гражданскими служащими, муниципальными служащими, а также работниками предприятий, учреждений и организаций государственной и муниципальной форм собственности».
Документ утвержден в целях реализации Конституционного Закона КР «О государственном языке Кыргызской Республики».
Основные этапы и требуемые уровни владения языком
Для работников государственных и муниципальных учреждений (включая руководителей, за исключением педагогических, научных и медицинских работников):
- С 2026 года — обязателен уровень B1 (средний).
- С 2028 года — обязателен уровень B2 (выше среднего).
Для представителей этнических общностей, являющихся гражданами Кыргызской Республики и постоянно проживающих в стране:
- С 2026 года — обязателен уровень A2 (базовый).
- С 2028 года — обязателен уровень B1 (средний).
Для государственных и муниципальных служащих (входящих в Реестр должностей):
- С 2025 года — не ниже уровня B1 (средний).
- С 2027 года — не ниже уровня B2 (выше среднего).
Важные условия и гарантии
- Обучение сотрудников: Руководители организаций государственной и муниципальной форм собственности обязаны обеспечить организацию обучения сотрудников государственному языку до требуемого уровня.
- Защита прав работников: Отсутствие у работника сертификата «Кыргызтест» в течение 2025 года не может служить основанием для признания его несоответствующим занимаемой должности или для понижения в должности.
- Повышенные требования: Для сотрудников, чья деятельность связана с управлением, публичными выступлениями, переговорами и подготовкой официальных документов, работодатель вправе устанавливать более высокий требуемый уровень владения языком.https://kyrgyztest.gov.kg/zhazuu-subtesttnin-temalary
Комментарии